Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинде 36 миңден ашууну ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Алардын үлүшү өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт.
Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында эң чоң топту II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт — 29 882 адам. Ошондой эле I топтогу майыптыгы бар 8 631 адам жана III топтогу майыптыгы бар 15 406 адам жөлөкпул алышат.
Ведомстводон белгилешкендей, медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.



