Бүгүн, 14-октябрда саат 14:50дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында магнитудасы 3,8ге жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Котур-Булак айылынан 10 чакырым батышта, Пүлгөн айылынан 8 чакырым түштүк-батышта жана Кадамжай шаарынан 10 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Таш-Кыя, Котур-Булак, Кадамжай жана Пүлгөн айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жакын болгон. Ал эми Кара-Дөбө, Котормо, Кызыл-Булак, Кескен-Таш, Үч-Коргон, Тамаша жана Гайрат айылдарында 3 баллга жакын сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.



