Башкы беткеКоомНарын облусунда жер титиреди

Нарын облусунда жер титиреди

14-октябрда саат 21:09да Нарын облусунда жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Байбиче-Тоо тоолорунда, Ак-Булак айылынан 14 чакырым түштүктө жана Баетов айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Ак-Булак айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар