Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Садыр Жапаров Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы жана эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Ал жетишилген ийгиликтерге лидерлердин ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгынын олуттуу потенциалы бар экенин белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика, өнөр жай жана финансы тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы алакаларды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчылары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорго жаңы дем берүү үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар