Башкы беткеКоомКыргызстан менен Германия миграция жана эмгек мобилдүүлүгү боюнча келишим даярдоодо

Кыргызстан менен Германия миграция жана эмгек мобилдүүлүгү боюнча келишим даярдоодо

Кыргызстан менен Германия миграция жана мобилдүүлүк жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык келишимди даярдоо иштерин тездетүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, Германиянын Федералдык ички иштер министрлигинин миграциялык кызматташтык маселелери боюнча элчиси Людвиг Юнг менен жолугушуу өткөрүлгөн.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Германияда билим алуусуна, кесиптик даярдыктан өтүүсүнө жана кийин жумушка орношуусуна шарт түзүү маселелери талкууланган. Ошондой эле квалификациялуу адистердин Германиянын эмгек рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулган.

Людвиг Юнг Германия тарап бул келишимге кызыкдар экенин билдирген. Тараптар документтин текстин макулдашуу иштерин тездетүү жана ага кол коюуга даярдык көрүү боюнча бир пикирге келишкен.

Элчи Өмүрбек Текебаев бул багытта көптөн бери жүргүзүлүп келе жаткан иштер жыйынтыкталууга жакындаганын белгилеген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар