11-ноябрда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров «Нукура Про» ЖЧКсынын сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүүчү жаңы завод куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
Агенттиктен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө ал курулуш иштеринин абалын, долбоордун учурдагы этабын жана ишкананы ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштерин текшерди.
Долбоорго салынган инвестициянын жалпы көлөмү 7,7 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе, ата мекендик сүттү кайра иштетүү көлөмү көбөйүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү сүт азыктарын өндүрүүгө шарт түзүлөт.
Долбоордо продукцияны экспортко чыгарууга өзгөчө көңүл бурулууда. Өндүрүлгөн азыктар эл аралык сапат стандарттарына жооп берери пландалууда. Бул ишканага тышкы рынокторго чыгууга жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

