Башкы беткеМаданиятКаныбек Калматов Москвада «Мыкты режиссёр» сыйлыгын алды

Каныбек Калматов Москвада «Мыкты режиссёр» сыйлыгын алды

Каныбек Калматов “Бриллиант көпөлөк” Евразия киносыйлыгында мыкты режиссёр аталып, ага 250 миң долларлык бриллиант тапшырылды. Сыйлык анын Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык драмасы үчүн ыйгарылды.

Аземдин алдында Калматов улуу жазуучуну Кыргызстандын улуттук байлыгы деп атады. Анын айтымында, ал кино аркылуу залкар инсандын бала чагынан тартып улуу жетишкендиктерге чейинки басып өткөн жолун көрсөтүүнү көздөгөн.

Быйыл сыйлыкка 19 өлкөдөн 41 тасма сунушталган. Алардын арасында Кыргызстандын «Буйрук», «Мерген» жана «Айтматов» тасмалары бар. Башкы номинациянын жеңүүчүсүнө баасы 1 млн долларга бааланган 10 караттык бриллиант берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар