Башкы беткеМаданиятАсан Жакшылыковдун адабияттагы 60 жылдык эмгеги жыйналган 21 томдук эмгеги таанытылды

Асан Жакшылыковдун адабияттагы 60 жылдык эмгеги жыйналган 21 томдук эмгеги таанытылды

Бүгүн, 13-ноябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына арналган «Асан Жакшылыков – адабиятта 60 жыл» аттуу илимий конференция өттү. Иш-чаранын алкагында акындын 21 томдон турган чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду.

Конференцияны университеттин проректору, профессор Назаркул Ишекеев ачып, акындын алтымыш жылдык чыгармачылык жолуна жана кыргыз адабиятына кошкон салымына токтолду. Ошондой эле Асан Жакшылыковго Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамын тапшырды.

Илимий жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, коомдук ишмер Акылбек Жапаров, окумуштуу Аттокур Жапанов, акын-жазуучу Ысмайыл Кадыров жана башка илим, маданият өкүлдөрү катышты. Алар акындын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү, адабий мурастарынын баалуулугу жана кыргыз руханиятындагы орду тууралуу пикирлерин билдиришти.

Асан Жакшылыковдун алтымыш жылдык чыгармачылык жолун камтыган 21 томдук жыйнактын жарык көрүшү кыргыз адабияты үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Анда калемгердин көп жылдык эмгеги, чыгармачылык изденүүлөрү жана адабий мурасы топтолгон. Жыйнак келечек муундар үчүн да баалуу руханий мурас болуп калары шексиз.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар