Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 68-чакырымындагы «Токмок-Автожол» (Дунларов атындагы) өткөрмө пунктунда жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы өтмөктүн курулушу башталды.
Буга чейин бул тилкеде унаалардын ылдамдыгы жогору болгондуктан, жолдон өтүүгө аргасыз болгон жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу жагдайлар жаралып келген.
Жаңы өтмөк жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарынын алдын алууга жана унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшүнө шарт түзөт.
Курулуш иштери 15-ноябрда башталып, 15-декабрга чейин аяктайт деп пландалууда. Долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

