Башкы беткеКоомБорбордо VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы өтүүдө

Борбордо VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы өтүүдө

31-май күнү Бишкек шаарында дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген жаш таланттарды бириктирген VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева, ошондой эле CIOFF уюмунун президенти Кристиан Идальго-Маццейни жана эл аралык коноктор катышты.

Фестивалда Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Түркия, Румыния, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын чыгармачыл жамааттары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Программанын алкагында концерттер, мастер-класстар, көргөзмөлөр, конференциялар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

«Наристе» фестивалы дүйнө элдеринин маданий мурастарын сактоого, маданияттар аралык достукту чыңдоого жана балдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган эл аралык аянтча болуп саналат.

Фестивалдын алкагындагы башкы иш-чаралардын бири — 1-июнда саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында өтө турган гала-концерт болот. Майрамдык программа Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган балдар дискотекасы менен жыйынтыкталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар