Эртең чечүүчү күн. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчөлөрү шайланат. Былтыр 23-сентябрда өлкө жетекчиси Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-мааракелик сессиясында Кыргызстан дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо өз салымын кошууга умтулуп келгенин, дүйнөдөгү чакан мамлекеттердин маселесине БУУнун көңүлүн буруу максатында Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө Кыргызстан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнүн белгилеп, адилеттүүлүк принцибинин негизинде мүчө-мамлекеттерди быйыл июнь айында өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоого үндөгөн эле. Быйыл 18-майда кыргыз лидери Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кайрылып, Кыргызстандын кандидатурасын колдоого чакырды.
БУУ Коопсуздук Кеңешин кеңейтүү демилгесин, анын Уставын жаңыртуу маселесин бир топ мамлекет сунуштап келет. Уставы демекчи, андагы айрым принциптери жана жоболору бири бирине карама-каршылык жаратпагыдай так аныкталышы керек. Ал эми Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк да адилеттикке негизделип, кеңири өкүлчүлүктү эске алуусу керек. Инклюзивдик Коопсуздук Кеңешинин жана анын чечимдеринин легитимдүүлүгүнүн зарыл шарты. Алтымыштан ашуун мамлекет, алардын ичинде Кыргызстан да, эч качан Коопсуздук Кеңешине шайлана элек. Ошол эле учурда кээ бир мамлекеттер беш-алты жолудан мүчөлүккө шайланышканы калыстык эмес. Бир нече ирет убактылуу мүчө болгондорунун деле нени кыйратканы белгисиз. Демек, министр Жээнбек Кулубаев 28-майда БУУнун ачык дебаттарында адилет белгилегендей, Коопсуздук Кеңеши жабык клуб болууга тийиш эмес.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келгени талашсыз. Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин өркүндөтүү боюнча керектүү чараларды көрүүнү зарыл деп эсептейт жана бул чаралар көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы керек. БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо-
нун бардык маселелери боюнча ыкчам жана компромисстүү чечимге жетишүү абдан маанилүү. Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк кеңири география-лык өкүлчүлүк принциптерине негизделиши абзел. Маселен, африкалык мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу укугун кеңейтүүгө неге болбосун.
Буга чейин Коопсуздук Кеңешине шайланбаган өлкөлөрдү колдоо БУУга мүчө-мамлекеттердин тең укуктуулугун белгилеп, уюмдун беделин көтөрөт жана ага болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Аныгында, ар бир мамлекет Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болууга акысы бар. Ар бир суверендүү өлкө БУУнун ишине жигердүү катышууга, дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту сактоого өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу кажет. Кызыкчылыктардын балансы сакталууга, эч бир мамлекет дүйнөлүк маселелерди чечүүдө четте калбоого тийиш. Бул алардын амбициясы же таарынычы эмес, эл аралык коомчулуктун субъектиси катары жоопкерчиликти туюнтат.
Азыркы учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин абалкы беш жана убактылуу он, баары – 15 мүчөсү дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин тагдырын иш жүзүндө чечип жатышат. Ал эми туруктуу мүчөлөрүнүн айрымдары бири бири менен кыл чайнашып турат. Алардын биргелешкен позицияга келүүсүнөн согуш менен тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери тике көз каранды. Мындан да маанилүүсү, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү тигил же бул чечимге ар дайым бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ар кайсы аймактардагы кандуу жаңжалдар, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык талаш-тартыштар БУУнун ушул алакаларды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн институттарынын алсыз деген ырастамаларды ого бетер бекемдеди. Бирок аныгында БУУнун институттарынын алсыздыгы алардын табиятында эмес, айрым мамлекеттердин жана топтордун кусаматына, кээ бир лидерлердин
жоопкерсиздигине байланыштуу.
Кыргызстандын тынчтыкты орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга жана ар кандай жаңжалдарды чечүүгө бай тажрыйбасы бар. Кыргызстан токсонунчу жылдардын башында азербайжан-армян кармашын жөнгө салууда чечүүчү роль ойногон.
Бишкек Тажикстандагы атуулдук согуштун басылышына жана бул өлкөдө тынчтыктын орношуна эбегейсиз салым кошкон. Кыргызстан тынчтыкты орнотуу миссияларына үзбөй катышып келген өлкө.
Кыргызстан эл аралык жана локалдык жаңжалдарды болтурбоону, ар кандай чыр-чатактарды тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүүнү жактаган өлкө.
Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы демилгелердин ээси. Мисалы, Эл аралык тоо жылы, Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы, Эл аралык барс жылы сыяктуу демилгелер кубаттоого алынган, натыйжасы дүйнөгө изги таасир эткен. Бишкектин жалпы адамзаттын тынчтыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган идеялары БУУнун колдоосуна ээ болуп келген. Борбордук Азия тынчтыктын аймагы деген идея да Кыргызстанга таандык. Бишкек идея көтөрүп гана тим болбой, аны ишке ашырууга саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык аракеттерин аябаган жоопкерчиликтүү мамлекет.
Кыргызстанда быйыл мааракелик Ысык-Көл форуму өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги интеллек-
туалдар, ишмерлер дүйнө тагдыры тууралуу акыл калчап, кеңеш курганы турат. Президенттин демилгеси менен өтө турган бул форум да дүйнө маселесине кайдыгер эмес өлкөнүн эл аралык масштабда мыкты иш кылууга жарактуу экенин тастыктап турат.
Кыргызстандын жалпы адамзаттык жана регионалдык маселелерди чечүүгө тажрыйбасы жетиштүү гана эмес, моралдык-саясий укугу да арбын мамлекет. Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык маселелерге тике катыштыгын көрсөткөн кадамдардын бири, биздин өлкөнүн жаратман дипломатиялык ролун бекемдөөчү аспап, БУУнун чакан мамлекеттердин пикирин эске алуусун шарттаган көрүнүш.
Андыктан Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө болушу мыйзамченемдүү жана логикалык көрүнүш.
Кыргызстан эл аралык мамилелерге жоопкерчилик менен мамиле кылган өлкө. Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп шайланса, ага кандай жоопкерчилик жана бийик миссия жүктөлө турганын жакшы билет.
Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк биздин эл аралык аренада таасирибизди арттырат, дүйнөлүк маселелерди чечүүгө тике жана батыл аралашууга шарт түзөт. Эл аралык беделдин ар дайым экономикалык натыйжасы болмогу талашсыз.
Алмаз КУЛМАТОВ



