Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен. Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө.
Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырды.



