Башкы беткеПрезидентIT, блогерлик жана стартаптар 5 жылга салык жеңилдигине ээ болот

IT, блогерлик жана стартаптар 5 жылга салык жеңилдигине ээ болот

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 11-июнунда “Салык салуу жана салыктык администрлөөнү өркүндөтүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи окууга даярдоо тапшырылды. Анын алкагында бир катар тармактар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулары сунушталууда. Алардын катарына IT тармагы, жасалма интеллект иштеп чыгуу, блогердик ишмердүүлүк, аутсорсинг, стартаптар, кино өндүрүшү жана башка креативдүү багыттар кирет.

Ошондой эле бул тармактар үчүн киреше салыгы 5% деңгээлинде белгилениши, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү 12% болору сунушталды.

Жарлыкта коомдук тамактануу тармагы, сауна жана мончолор үчүн да бирдиктүү салык ставкалары белгиленген. Мындан тышкары, айрым салык карыздарын жоюу, казып алуу тармагына кошумча салык жүктөмүн киргизүү жана контрабандага каршы чараларды күчөтүү да каралган.

Документ расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар