Ош шаарындагы Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугу өз ишин кайрадан жандантат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Министрдин айтымында, консулдук бир нече жылдан бери иштебей келген. Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен жаңы консулдун ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документке кол коюлган.
Жаңы дайындалган консул Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча иш алып барат. Анын ишке кириши менен түштүк аймагындагы кыргызстандыктар Кытайга байланыштуу консулдук маселелерин жеринен чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Кытайдын Башкы консулдугу 2019-жылдан бери иштеген эмес.



