Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон 30-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжандын Президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар