Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон 30-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжандын Президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында өтөт.



