Башкы беткеКоомVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз-казак айтышынын тандоо туру өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз-казак айтышынын тандоо туру өтөт

10-августта Бишкектеги Кыргыз улуттук «Манас» театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тандоо туруна республикалык жана эл аралык айтыштардын алдын ала баскычтарынан ийгиликтүү өткөн төкмө акындар катышат.

Айтыш алым-сабак форматында өткөрүлүп, калыстар тобунун чечими менен эң көп упай топтогон сегиз акын финалдык баскычка жолдомо алат.

Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын финалы 2–4-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өтөт. Жеңүүчүлөр үчүн жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Бул маданий иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы негизги программалардын бири болуп, кыргыз жана казак элинин төкмөлүк өнөрүн, сөз маданиятын жана руханий мурастарын даңазалоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар