Бүгүн, 31-июлда, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди.
Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна жана Азербайжан Республикасынын Президентинин катышуусундагы жыйынга катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык долбоорлор, энергетика, экология жана башка өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланары күтүлүүдө.
Жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аймактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.



