Башкы беткеМинистрлер кабинетиТүркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 31-июлда, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди.

Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна жана Азербайжан Республикасынын Президентинин катышуусундагы жыйынга катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык долбоорлор, энергетика, экология жана башка өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аймактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар