Башкы беткеКоомКесип тандаганың — тагдырыңды аныктаганың

Кесип тандаганың — тагдырыңды аныктаганың

       Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйылкы абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясы олуттуу сыноолор менен коштолууда. Өлкөдөгү бир катар университеттерде айрым адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу планы аткарылбай, орундар бош калып жатканы белгилүү болду. Расмий органдар азырынча так статистиканы ачыктай элек болсо да, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана серепчилер муну жогорку мектептеги локалдуу кризистин гана эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык түзүмүндөгү терең өзгөрүүлөрдүн айкын белгиси катары баалашууда.

Акыркы жылдары коомдо, экономикада жана эмгек рыногунда өтө терең процесстер жүргөнүн баарыбыз аңдап-байкап турабыз. Алардын эң башкысы, эң маанилүүсү катары мен калктын аң-сезиминде сапаттык бурулуш болгонун айтар элем. Буга чейин окугусу келбеген баласын да «элден калбай диплом алып калсын» деген кур намыс менен жогорку окуу жайына өткөрүп, акчасын, убактысын короткондун эч кандай пайдасыз экенин азыр эл түшүнө баштады. Жаштар менен алардын ата-энелери дипломдун өзүн эмес, анын эмгек рыногундагы реалдуу наркын таразалай башташты.

Бул кубулуш Кыргызстанда 1990-жылдардан бери уланып келген жогорку окуу жайлардын ыксыз, баш-аламан көбөйүү доору аяктаганынын белгиси. Эми алардын иргелиши, юрист, экономист, менеджер дегендердин ашыкча армиясын даярдаган «диплом фабрикаларынын» заманы өтүп, рыноктун талабына жооп бербеген, сапатсыз билим берген вуздардын табигый түрдө жабылуу же биригүү процесси башталары анык.

Азыр коомдо прикладдык, техникалык жана жумушчу кесиптерге болгон мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Маселен, 1990-жылдардын башында эки кабаттуу үйдү өзүбүздүн кыргыз балдары куруп жатканын көрүп, таң калгандар аз эмес эле. Ал эми бүгүнчү? Бүгүнкү күндө өлкөдө асман тиреген заманбап имараттарды, татаал инфраструктуралык объекттерди кыргыз кадрлары куруп жатат. Өлкөдө жогорку даярдыктагы, даана профессионал, мол тажрыйбалуу архитекторлор, инженерлер, жумушчулар өсүп чыгып, кыргыздардын улуттук техникалык интеллигенциясынын калыптануусу тездеди. Кеп эми ушул процессти тереңдетүү, чамдатуу, туура багыттоо үчүн эмне кылуу керек деген маселе келип чыгууда.

Кандай болгон күндө да саны бар, сапаты жок жогорку окуу жайлардын жоюлушуна тоскоол кылыштын, аларды «куткаруунун» зарылчылыгы жок, бул   биринчиден. Рынокто эң мыкты, эң зарыл адистерди даярдаган күчтүү университеттер гана калышы  –  табигый процесс, улуттук билим берүү системасын чыңдай турган бышып-жетилген эң пайдалуу процесс.

Экинчиден, жакынкы келечекте өлкөдө кайсы тармактар өнүгөрүн, кайсы тармактарга кандай адистерге талап жогорулаарын тийиштүү мамлекеттик уюмдар убагында аныктап, ошол маалыматтарды эл арасына жайылтып турушу абзел. Кыргызстандын экономикасынын азыркы өнүгүү векторун эске алганда, жакынкы келечекте жумушчу, инженердик жана башка техникалык адистиктерге болгон суроо-талап кескин өсөрүнө мен ишенем, ушул мааниде төмөнкү божомолдорду айтар элем.

Күн, шамал, гидроэнергетикасы бул күндөрү чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат, ири долбоорлор башталууда. Станцияларды долбоорлоочу жана тейлөөчү адистерге, энергетиктерге, жогорку чыңалуудагы линиялардын монтажчыларына жана релейчи-электриктерине муктаждык жогорулоодо жана жогорулай бермекчи.

Темир жол курулушу, темир жолду пайдалануу боюнча инженерлер, геодезисттер, көпүрө жана туннель куруучулар, локомотив машинисттери, жол оңдоочулар, логисттер жана темир жол автоматикасы/телемеханикасы боюнча адистер чоң санда керек болорун «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» магистралынын салынып жатканы, өлкө ичинде мамлекет өз каражатынын эсебинен тартып бараткан Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал долбоору айтып турат.

Тоо-кен өнөр жайы экономиканын тиреги, базалык тармактарынын бири бойдон калууда, тармакка геолог-чалгынчылар, бургулоочулар, инженерлер, маркшейдерлер, оор техникалардын операторлору сыяктуу адистер зарыл.

Мунайды кайра иштетүү. Өлкөдөгү мунай иштетүүчү жаңы заводдорду куруу, эскилерин модернизациялоо актуалдуу милдет болууда, аны аткаруу нефтехимия боюнча адистерди, мунай сактагычтардын жана атайын жабдуулардын операторлорун, контролдук-өлчөөчү приборлордун (КИПиА) инженерлерин, инженер-химик-технологдорду талап кылат.

Мындан сырткары, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган салттуу тармактарда да заманбап адистерге болгон суроо-талап кескин өсүүдө. Айыл чарбасында эскиче иштөө ыкмалары аяктап, органикалык дыйканчылык, интенсивдүү багбанчылык жана санариптештирилген фермерлик доору башталды. Бул багытта квалификациялуу агрономдор, органикалык жер иштетүү боюнча адистер, зоотехниктер, ветеринарлар аба менен суудай зарыл. Ал эми тамак-аш өнөр жайында ата мекендик продукцияны эл аралык стандарттарга ылайык кайра иштетүү, алардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө, органикалык азыктарды таңгактоо жана экспортко чыгаруу боюнча билимдүү технологдорго тартыштык абдан чоң. Демек, агрардык жана кайра иштетүүчү секторду тандаган жаштар эч качан жумушсуз калбайт, тескерисинче, атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүн кыймылдаткычына айланат.

Эмгек рыногундагы азыркы тенденция, кыскасын айтканда, Кыргызстандын туура багытта баратканынын айкын далили. Жаш муун реалдуу экономикага, өндүрүшкө жана заманбап технологияларга ыктай баштаганы кубанарлык көрүнүш, мамлекет ушул процессти эми ар тараптан колдоп, алдыңкы окуу жайларды, өзгөчө кесиптик-техникалык билим берүү тармагын чыңдоосу биринчи кезектеги милдет.

Курманбек МАМБЕТОВ,

«Кыргыз Туусу».

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар