Окумуштуулар ДНК изилдөөсүнө таянып, жоогазындын (тюльпан) эволюциясында Тянь-Шань менен Памир-Алайдын өзгөчө орду бар экенин дагы бир ирет далилдеди
Жоогазын – жаздын көркүн ачкан кооз гүл гана эмес, миллиондогон жылдарды карыткан табияттын баалуу мурасы десек болот. Дүйнө жүзүнө кеңири тараган бул гүлдүн тарыхый мекени Борбордук Азия экени илимий изилдөөдө дагы бир ирет тастыкталды. Атап айтканда, Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолору жапайы тюльпандардын эволюциялык борборлорунун бири катары белгиленүүдө.
Бул тууралуу “American Journal of Botany” илимий журналында жарыяланган ири филогеномдук изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат. Изилдөөгө Кембридж университетинин, Кью падышалык ботаникалык багынын окумуштуулары, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Улуттук илимдер академияларынын адистери катышкан. Жалпысынан дүйнөдөгү белгилүү тюльпандардын 86 пайызын камтыган 254 үлгүнүн ДНКсы талдалып алынган.
32,5 миллион жылдык тарых
Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, бүгүнкү күндө жер жүзүндө өсүп жаткан тюльпандардын жалпы түпкү теги болжол менен 32,5 миллион жыл мурда Борбордук Азияда пайда болгон.
Өзгөчө кызыгы, тжоогазындардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу тарыхтын көп бөлүгүндө жай жүргөнү менен, акыркы 5-10 миллион жыл аралыгында бул процесс кескин тездеген. Окумуштуулардын эсебинде, азыркы тюльпандардын 92 пайызы акыркы 5 миллион жыл ичинде өз алдынча түр катары калыптанган. Буга Тянь-Шань менен Памир-Алай тоолорунун көтөрүлүшү жана климаттын кургашы негизги шарт түзгөн. Токойлордун ордун талаалар ээлеп, тоо капчыгайлары менен өрөөндөр жоогазындардын жаңы түрлөрү пайда болгон табигый «инкубаторлорго» айланган.
Кыргызстан – жапайы жоогазындын мекени
Бул илимий ачылыш Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Өлкөбүздүн аймагы анчалык чоң болбогону менен, жапайы бул гүлдун 30дан ашык түрү өсөт. Алардын 7-8 түрү эндемик болуп, дүйнөнүн башка аймактарында кездешпейт.
Бул изилдөөгө кыргызстандык окумуштуулар да олуттуу салым кошушкан. Алардын арасында биология илимдеринин докторлору, профессорлор Кайыркул Шалпыков жана Георгий Лазьков, ошондой эле илимпоздор Ормон Султангазиев менен Айбек Долотбаков бар.
Генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында буга чейин талаштуу болуп келген айрым түрлөрдүн илимий орду да такталды. Алардын арасында Кыргызстанда өсүүчү Зинаида тюльпаны (Tulipa zenaidae), Кыргызстандын эндемиги болгон Неуструева тюльпаны (Tulipa neustruevae), ошондой эле жогору умтулган тюльпан (Tulipa anadroma) бар. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда кездешкен жакын канатташ тюльпан (Tulipa affinis) да өз алдынча түр катары белгиленди.
Мындан тышкары, 2022-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан илимпоздор тарабынан жаңы түр катары сүрөттөлгөн Токтогул тюльпаны (Tulipa toktogulica) да өлкөнүн флорасынын канчалык бай экенин көрсөтүп турат. Бирок бул сейрек кездешүүчү өсүмдүк азыртадан эле жоголуу коркунучунда турат.

Жаңы картасы түзүлдү
ДНК анализи жоогазындын классификациясына да жаңылык алып келди. Буга чейин өсүмдүктөр негизинен сырткы белгилерине карап бөлүнүп келген болсо, жаңы генетикалык маалыматтар алардын эволюциялык байланышын кыйла так көрсөттү.
Окумуштуулар бул гүлдүбеш негизги түргө бөлүштү. Алардын ичинен жаңы Eduardoregelia түрү ботаник Эдуард Регелдин урматына аталган. Анын курамына Тянь-Шандын бийик тоолорунда Кыргызстанда, Казакстанда жана Кытайда кездешкен ар түрдүү жалбырактуу тюльпан (Tulipa heterophylla) кирет. Бул түр тюльпандардын эң байыркы жана өз алдынча бөлүнүп чыккан бутактарынын бири болуп эсептелет.
Голландия тюльпандары Борбор Азиядан чыккан
Изилдөөдө дүйнөгө белгилүү голландиялык тюльпандардын тарыхы да аныкталды. ДНК анализи Нидерланддагы тюльпан маданиятынын байыркы сортторунун бири болгон Duc van Tol сорту Евразия талааларында өскөн Шренк тюльпанына (Tulipa suaveolens) жакын экенин көрсөттү.
Ал эми анын дагы бир маанилүү түпкү бутагы Балканда кездешкен Скард тюльпаны (Tulipa scardica) болуп чыкты. Демек, бүгүн дүйнөлүк гүл өстүрүү индустриясынын символуна айланган голландиялык тюльпандардын тарыхында Борбор Азиянын жапайы гүлдөрүнүн да өзгөчө орду бар экени аныкталды.
Илимий ачылыштан жаратылышты коргоого
Бул изилдөөнүн мааниси илимий ачылыш менен гана чектелбейт. Ал сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоогө багытталат. Такталган генетикалык маалыматтар Кыргызстандын жана Борбор Азия мамлекеттеринин Кызыл китептерин жаңылоодо, ошондой эле жапайы жоогазындын түрүн сактоо планын иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн.
Окумуштуулар жапайы тюльпандарга өзгөчө коргоо статусун берүү зарылдыгын белгилеп жатышат. Анткени тоолордун боорунда, талааларда жана капчыгайларда гүлдөгөн бул өсүмдүктөр жөн гана жаратылыштын кооздугу эмес, миллиондогон жылдык эволюциянын тирүү күбөсү жана Борбор Азиянын табигый мурасы.
Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз-Туусу”



