Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор майрам жана дем алыш күндөрүндө бөлүмдөрдүн иштөө тартибин жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Бул күн расмий майрам катары белгиленет. Ал эми Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-сентябрь Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик борбордун иш графиги төмөнкүдөй болот:
31-августта — борбордун бардык бөлүмдөрү иштебейт;
1-сентябрда — аймактык бөлүмдөр штаттык режимде иштейт.
Ошол эле учурда Бишкекте ШКУнун саммитине байланыштуу өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу айрым бөлүмдөр 1-сентябрда иштебейт. Алар:
Аламүдүн бөлүмү;
“Биримдик” бөлүмү;
Чыгыш бөлүмү;
“Аю Гранд” соода борборундагы шаардык бөлүм.
Ал эми “РИОМ” унаа базарынын аймагындагы Аймактар аралык бөлүм штаттык режимде ишин улантат.
Дареги: Чүй облусу, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 211.



