Башкы беткеКоомМайрам күндөрү унаа каттоо бөлүмдөрүнүн иш графиги өзгөрөт

Майрам күндөрү унаа каттоо бөлүмдөрүнүн иш графиги өзгөрөт

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор майрам жана дем алыш күндөрүндө бөлүмдөрдүн иштөө тартибин жарыялады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Бул күн расмий майрам катары белгиленет. Ал эми Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-сентябрь Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу мамлекеттик борбордун иш графиги төмөнкүдөй болот:

31-августта — борбордун бардык бөлүмдөрү иштебейт;

1-сентябрда — аймактык бөлүмдөр штаттык режимде иштейт.

Ошол эле учурда Бишкекте ШКУнун саммитине байланыштуу өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу айрым бөлүмдөр 1-сентябрда иштебейт. Алар:

Аламүдүн бөлүмү;

“Биримдик” бөлүмү;

Чыгыш бөлүмү;

“Аю Гранд” соода борборундагы шаардык бөлүм.

Ал эми “РИОМ” унаа базарынын аймагындагы Аймактар аралык бөлүм штаттык режимде ишин улантат.

Дареги: Чүй облусу, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 211.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар