39 жаштагы легендарлуу футболчу Аргентина курамасында мындан ары ойнобой турганын жарыялады.
«Мен командага колумдан келгендин баарын бердим. Мындан ары ага бере турган эч нерсем калган жок. Жаш футболчулар бар, аларга да мүмкүнчүлүк берилиши керек», — деди Месси.
Месси Аргентина курамасында 207 оюн өткөрүп, 125 гол киргизген. 2022-жылы улуттук командасы менен дүйнө чемпиону болгон.
Футболчу карьерасын толук аяктаган жок. Ал АКШнын «Интер Майами» клубунда ойноосун улантат.



