VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан бардык негизги аянтчаларда медициналык кызматкерлер нөөмөттө болуп, катышуучуларга жана конокторго зарыл жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, медициналык пункттарга кайрылгандардын арасында жеңил жаракат алгандар, кан басымы жогорулагандар, кант диабети жана аллергия сыяктуу өнөкөт оорулары күчөгөндөр басымдуулук кылууда. Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу тамак сиңирүү системасынын бузулушу жана суук тийүүгө мүнөздүү белгилер менен кайрылгандар бар.
Министрлик оюндардын катышуучулары менен конокторун ден соолугуна кам көрүүгө чакырып, аба ырайына жараша кийинип, суу өткөрбөгөн жана жылуу кийимдерди алып жүрүүнү сунуштады.
Өнөкөт оорусу бар адамдар дарыгер дайындаган дарыларын үзгүлтүксүз кабыл алып, керектүү медикаменттерин өздөрү менен алып жүрүшү керек. Ошондой эле кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө зарыл.
Мындан тышкары, оюндар өтүп жаткан аймактарда жүрүүдө, айрыкча тайгак жана тегиз эмес жерлерде этият болуу, жетиштүү суу ичүү жана тамактанууну үзгүлтүккө учуратпоо сунушталат. Тамак-ашты атайын уюштурулган жайлардан сатып алып, жеке гигиена эрежелерин сактоо маанилүү.
Өзүн начар сезген жарандар абалы оорлошконго чейин жакынкы медициналык пунктка же тез жардам кызматкерлерине кайрылышы керек.



