Башкы беткеМинистрлер кабинетиТаласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгындагы иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик камсыздады

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгындагы иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик камсыздады

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда авариялык абалдарга жол берилбестен өттү.

Иш-чараларга даярдык көрүүдө майрамдык аянтчаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Энергетикалык инфраструктуранын даярдыгы жана энергетика кызматтарынын иши көзөмөлгө алынды.

Облустагы энергетикалык ишканалар майрам алдында электр тармактары менен жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарын даярдашты. Ошондой эле ыкчам нөөмөт бригадалары түзүлдү.

Майрамдык иш-чаралар учурунда 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү нөөмөттө иштеди. Адистер электр тармактарынын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, күтүүсүз кырдаал жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр турушту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар