Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда авариялык абалдарга жол берилбестен өттү.
Иш-чараларга даярдык көрүүдө майрамдык аянтчаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Энергетикалык инфраструктуранын даярдыгы жана энергетика кызматтарынын иши көзөмөлгө алынды.
Облустагы энергетикалык ишканалар майрам алдында электр тармактары менен жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарын даярдашты. Ошондой эле ыкчам нөөмөт бригадалары түзүлдү.
Майрамдык иш-чаралар учурунда 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү нөөмөттө иштеди. Адистер электр тармактарынын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, күтүүсүз кырдаал жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр турушту.



