Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинде кыргызстандык балбан Асан Жанышов 87 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болду.
Жанышов мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда казакстандык Шамиль Ожаев менен күч сынашып, атаандашын 6:1 эсебинде утту.
Ал эми финалдык беттеште япониялык Йошидо Тайзо менен күрөшүп, 1:11 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада кыргызстандык балбан Азия оюндарынын күмүш медалына татыды.



