Башкы беткеКоомАзия оюндарында Асан Жанышов күмүш медаль тагынды

Азия оюндарында Асан Жанышов күмүш медаль тагынды

Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинде кыргызстандык балбан Асан Жанышов 87 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болду.

Жанышов мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда казакстандык Шамиль Ожаев менен күч сынашып, атаандашын 6:1 эсебинде утту.

Ал эми финалдык беттеште япониялык Йошидо Тайзо менен күрөшүп, 1:11 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада кыргызстандык балбан Азия оюндарынын күмүш медалына татыды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар