Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтып келип, бизнесин жаңы баштаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында салыктан убактылуу бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламент отурумунда билдирди.
“Учурда мен “мигрант инвест” деген мыйзам долбоор жазып атам. Сыртта миграцияда жүрүп, Кыргызстанга кайтып келген ишкерлерибизди колдошубуз керек. Аларды колдоо үчүн салык каникулун берип, суммасына жараша жеңилдетилген көмөктөрдү көрсөтсөк”, – деди депутат.
Депутаттын сөзүнө Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жооп берип, демилгени колдооорун жана өзгөртүү сунушталып жаткан мыйзамда Wildberries жана Ozon маркетплейстери аркылуу соода кылган сатуучуларды салыктан толук бошотуу каралганын белгиледи. Ал ошондой эле миграциядан кайтып келген ишкерлерди колдоо үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө салык каникулун берсе болорун айтты.



