Башкы беткеКоомАзия оюндары: Акжол Махмудов коло медалга ээ болду

Азия оюндары: Акжол Махмудов коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Коло медаль үчүн болгон беттеште Акжол Махмудов Кытайдын өкүлү Руи Люну 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, байгелүү орунга ээ болду.

Буга чейин кыргызстандык балбан көңүл жубатуучу беттеште Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Махмудовдун бул медалы Кыргызстандын курама командасынын Азия оюндарындагы байгелеринин катарын толуктады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар