Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Акжол Махмудов Кытайдын өкүлү Руи Люну 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, байгелүү орунга ээ болду.
Буга чейин кыргызстандык балбан көңүл жубатуучу беттеште Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.
Махмудовдун бул медалы Кыргызстандын курама командасынын Азия оюндарындагы байгелеринин катарын толуктады.



