Башкы беткеКоомСтадиондун ачылышында коомдук тартипти 5 миң милиционер камсыздайт

Стадиондун ачылышында коомдук тартипти 5 миң милиционер камсыздайт

5-октябрда жаңы «Бишкек Арена» расмий ачылат. Ага байланыштуу борбор калаада коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага көрүүчүлөрдүн көп келиши күтүлүп жаткандыктан, 5 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат.

Ошондой эле аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөрдү концерт өтүүчү жайга жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт.

ИИМ жарандарга жол жүрүү маршрутун алдын ала пландап, киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууну эскертти.

Мындан тышкары, 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштейт.

Ачылыш аземинде кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда концерттик программа уюштурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар