5-октябрда жаңы «Бишкек Арена» расмий ачылат. Ага байланыштуу борбор калаада коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага көрүүчүлөрдүн көп келиши күтүлүп жаткандыктан, 5 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат.
Ошондой эле аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөрдү концерт өтүүчү жайга жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт.
ИИМ жарандарга жол жүрүү маршрутун алдын ала пландап, киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууну эскертти.
Мындан тышкары, 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштейт.
Ачылыш аземинде кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда концерттик программа уюштурулат.



