Башкы беткеКоомБир жумада 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды

Бир жумада 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстан боюнча 25 миң 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

  • тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 4 592;
  • мас абалында унаа айдоо — 355;
  • унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин бузушу — 1 325;
  • унааларды пайдалануу эрежесин бузуу — 5 241;
  • автоээнбаштык — 31;
  • белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
  • жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 7;
  • жол эрежесин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.

Жол эрежелерин бузган 2 591 унаа убактылуу айып короого киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактап, жолдо этият болууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар