25-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстан боюнча 25 миң 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын ичинен:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 4 592;
- мас абалында унаа айдоо — 355;
- унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
- жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин бузушу — 1 325;
- унааларды пайдалануу эрежесин бузуу — 5 241;
- автоээнбаштык — 31;
- белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
- жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 7;
- жол эрежесин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.
Жол эрежелерин бузган 2 591 унаа убактылуу айып короого киргизилген.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактап, жолдо этият болууга чакырды.



