Башкы беткеКоом"Бишкек Аренанын" ачылышына 60 миңден ашуун көрүүчү келди

“Бишкек Аренанын” ачылышына 60 миңден ашуун көрүүчү келди

“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземине 60 миңден ашуун көрүүчү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Иш-чара учурунда стадиондун аймагында жана ага жакын жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 5 миңге жакын милиция кызматкери тартылган.

Милициянын маалыматына караганда, иш-чара тынч жана коопсуз өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

Шаардык милиция борбор калаанын тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылып, коопсуздук эрежелерин сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар