“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземине 60 миңден ашуун көрүүчү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Иш-чара учурунда стадиондун аймагында жана ага жакын жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 5 миңге жакын милиция кызматкери тартылган.
Милициянын маалыматына караганда, иш-чара тынч жана коопсуз өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.
Шаардык милиция борбор калаанын тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылып, коопсуздук эрежелерин сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.



