Башкы беткеКоомТаштандыны уруксатсыз жерге таштагандар коомдук жумушка тартылат

Таштандыны уруксатсыз жерге таштагандар коомдук жумушка тартылат

Кыргызстанда аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин кайталап бузгандарга жана таштандыны уруксат берилбеген жерлерге таштагандарга карата жаза катаалдаштырылды. Тиешелүү өзгөртүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу жаза колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанса, 20 саат коомдук жумуш дайындалат.

Ал эми таштандыны белгиленбеген жерге таштоо, жыйноо же өрттөө бир жыл ичинде кайра жасалса, 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуш аткаруу жазасы каралган.

Мындай укук бузуулар боюнча протоколдорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүп, сотко жөнөтөт.

Ошондой эле мыйзамда коомдук жумуштардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн электрондук-техникалык каражаттарды жана атайын программаларды колдонууга уруксат берилди.

Коомдук жумуштар сот тарабынан дайындалып, негизги жумуштан же окуудан бош убакта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгектенүүнү билдирет.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар