Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат.

Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар