Башкы беткеИлимЖалпы республикалык тестирлөөгө 25 жыл

Жалпы республикалык тестирлөөгө 25 жыл

Бишкек шаарында жогорку окуу жайларына кабыл алуунун сапаты жана адилеттүүлүгү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чара Жалпы республикалык тестирлөөнүн 25 жылдыгына карата уюштурулуп, «Тең мүмкүнчүлүк – кең келечек» деген ураандын алдында өткөрүлүүдө.

Конференциянын негизги максаты — жогорку окуу жайларына кабыл алууда тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, тандоо процессинин сапатын жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо.

Иш-чарага билим берүү тармагынын өкүлдөрү, адистер жана эл аралык эксперттер катышып, Жалпы республикалык тестирлөөнүн 25 жыл ичинде басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу процессинде маанилүү орунду ээлеп, абитуриенттердин билим деңгээлин баалоого жана алардын жогорку билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар