Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкектеги 28 кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилди

Бишкектеги 28 кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан 23–28 кабаттуу турак жай комплекстерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.

Министр курулуштун сапатына, заманбап технологиялардын колдонулушуна, материалдардын талаптарга шайкештигине жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына көңүл бурду.

Министр «Эвернью» турак жай комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу аземине да катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда курулуштун сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу максатында мамлекеттик стандарттар менен катар чет өлкөлөрдүн заманбап курулуш тажрыйбалары да колдонулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар