Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады.
Бул тууралуу Баткен облусунун тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымдалды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чек ара тилкесине жалпы узундугу 327 чакырым 500,4 метр болгон тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынды.


