Башкы беткеКоомКочкордо медиация борбору ачылды

Кочкордо медиация борбору ачылды

КР “Медиация жөнүндө” мыйзамынын талабы боюнча 2027-жылдын 1-январынан баштап өлкөдө “милдеттүү медиациялык жолугуу” киргизилет.  Эми чырлашкан тараптардын арыздары же козголгон иши Медиаторго барып жолугуу баарлашуусунан өткөнчө тергөөгө алынбай, соттошконго чейин жетпей убактылуу токтотулуп турат.

Чырлашкан тараптар ишин сотсуз жана тергөөсүз Медиатордун жардамы менен чечүүгө болоору боюнча түшүнүк алышкандан кийин, балким тынышууга келишкенге мүмкүнчүлүк берилет.

Эгерде чырлашкан тараптар Медиатордук келишим түзүп чырын чечип алышса тергөөдөгү арыздары, соттордогу иштери жабылат.

Мындай мүмкүнчүлүк соттордун, тергөөчүлөрдүн ишин жеңилдетет, ошону менен бирге чырлашкандарды жылдап соттошуудан, ыксыз чыгымдан, созулган убакыттан жана ажыраган ынтымактан сактайт.

Медиация борборунун офиси Кочкор айылында (Ишенбек Өмүров көчөсү 30) ачылды. Аны КР Медиаторлор палатасынын мүчөсү, медиатор Шамил Усубалиев негиздеди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар