Ирандын саясий жетекчилери АКШ президенти Дональд Трамптын өлкө жетекчилиги ичиндеги ажырым тууралуу акыркы билдирүүлөрүнө биримдик менен жооп беришти.
Трамптын билдирүүсүндө Ирандагы бийлик түзүмүндө «катаал багыттагылар» менен «орточо багыттагылар» ортосунда ажырым жана атаандаштык бар экени айтылган. Иран жетекчилеринин бирдиктүү жооптору негизинен X социалдык тармагы аркылуу жарыяланды.
Иран өкмөтүндөгү негизги фигуралар кайра бөлүшкөн бирдиктүү текст системанын ичинде эч кандай экиге бөлүнүү жок экенин көрсөтөт.
Аны жарыялаган адамдардын арасында президент Масуд Пезешкиан жана парламент төрагасы, АКШ менен сүйлөшүү тобунун жетекчиси Мохаммед Багер Галибаф бар.
Жогорку Улуттук коопсуздук кеңеши да бул позицияга кошулду. “Иранда радикалдар да, орточо (умеренный) көз караштагылар да жок. Бардыгы ирандык жана революциячыл”,- деп айтылат бирдиктүү билдирүүлөрдө.
Бул билдирүүлөр жөн гана ажырым тууралуу кептерди төгүндөө эмес, саясий биримдиктин образын чагылдырат. Анда эл менен өкмөттүн ортосундагы “бекем биримдик” жана Жогорку лидер Можтаба Хаменеинин көрсөтмөлөрүн толук аткаруу менен “кылмышкер агрессор” өкүнүүгө аргасыз болоору баса белгиленет.
Иран жетекчилеринин билдирүүсүнүн стили диний жана улуттук идеялардын айкалышынан турат: “Бир Кудай, бир улут, бир лидер жана бир жол; бул жол биздин сүйүктүү Ираныбыз үчүн өмүрдөн да баалуу жеңишке алып баруучу жол”.
Сот деңгээлинде да кескин реакция болду. Сот бийлигинин башчысы Голамхоссейн Мохсени Эжеи өз билдирүүсүндө «радикал» жана «орточо» деген бөлүнүү Батыш саясий адабиятынын жыйынтыгы экенин жана Иранда чыныгы негизге ээ эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, өлкөдөгү бардык саясий агымдар лидерликтин жетекчилиги алдында толук ынтымакта жана координацияда иш алып барат.
Ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Реза Ариф Иранды «ажырымдардын өлкөсү эмес, биримдиктин чеби» деп атады. Ал саясий ар түрдүүлүк бөлүнүүнүн белгиси эмес, тескерисинче демократиянын көрсөткүчү экенин кошумчалады. Анын айтымында, коркунуч жаралган учурда бул ар түрдүүлүк биримдикке айланып, эл «бир желектин астында» аракеттенет.
Трамп 21-апрелде Ак үйдө өткөн иш-чарада Иран өз лидерлигин аныктоодо кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтып, «радикалдар» менен «орточолордун» ортосунда «акылга сыйбаган ички тиреш» бар экенин билдирген.
Бул жерде өзгөчө көңүл бура турган нерсе, Иран жетекчилеринин билдирүүсү жөн гана бир кепке жооп эмес, Вашингтон тарабынан көрсөтүлгөн образга каршы туруктуулук жана биримдик тууралуу билдирүүнү бекемдөө аракети болуп саналат.


