Башкы беткеСаясатШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди

ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди

Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Расмий конокту “Манас” эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Нурлан Ермекбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат.

Жыйындын жүрүшүндө аймактык коопсуздук, аскердик кызматташтык жана биргелешкен аракеттер боюнча маселелер талкууланышы күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар