Башкы беткеМинистрлер кабинетиДанияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты. Жыйындын күн тартибинде 40 маселе каралып, алардын 19у талкуусуз кабыл алынды. Анын ичинде Бирликтин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча иш-чаралар планын жаңылоо чечими жактырылды.

Ошондой эле LED модулдарына бажы жеңилдиктери киргизилип, 2028-жылга чейин айрым продукциялар бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Мындан тышкары, улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар бекитилди.

ЕАЭБ менен Тунис ортосунда эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселеси колдоого алынып, бул сунуш Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде каралмакчы.

Жыйындын жыйынтыгында макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо, инфляцияны көзөмөлдөө, медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды маркировкалоону киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар