Башкы беткеМинистрлер кабинетиСаламаттык сактоо министри Дамир Осмонов АКШ өкүлдөрү менен кызматташууну талкуулады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов АКШ өкүлдөрү менен кызматташууну талкуулады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов АКШнын Юта штатынын Сенатынын төрагасы жана эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда министр америкалык тарапка Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын колдоого жана биргелешкен медициналык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Project C.U.R.E. уюму менен кызматташуунун алкагында өлкөдөгү үч ооруканага медициналык жабдуулар жеткирилди. Ал эми MedGlobal менен өнөктөштүктө Жалал-Абаддагы төрөт үйүнө заманбап аппараттар алынып, адистер окутулган.

Юта штатынын өкүлдөрү кызматташуунун чоң потенциалын белгилеп, саламаттык сактоо, билим берүү жана гуманитардык жардам багытында өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле The Stirling Foundation уюму Кыргызстандагы долбоорлорду улантып, келечекте колдоону күчөтөрүн маалымдады.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар