Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларынын 20-пакетине кыргыз компанияларынын киргизилишин өкүнүч менен кабыл алганын билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, европалык өнөктөштөр менен туруктуу диалог жүргүзүлүп, бардык керектүү маалыматтар берилгенине карабастан, кыргыз тараптын позициясы эске алынган эмес.
ТИМ мындай бир тараптуу чечимдер өз ара ишенимге доо кетирерин белгилеп, бул ЕБдин Кыргызстан жана Борбор Азия менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча билдирүүлөрүнө каршы келерин билдирди. Ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө карата чектөөлөрдү колдонуу практикасы тынчсыздануу жаратарын кошумчалады.
Кыргызстан Евробиримдикти өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен конструктивдүү диалогго чакырды.
Эске салсак, ЕБ Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына кошуп, көзөмөлдү күчөткөн. 20-пакеттин алкагында айрым жабдууларды Кыргызстанга экспорттоого чектөөлөр киргизилген.


