Улуу Британиянын королу Карл III жубайы Камилла менен бирге АКШга расмий сапар менен келди. Аларды Вашингтондогу Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп тосуп алышты.
Сапардын алкагында Карл III АКШ Конгрессинин эки палатасынын алдында сөз сүйлөмөкчү. Бул британ монархынын америкалык парламенттеги тарыхтагы экинчи кайрылуусу болуп калат — буга чейин мындай сөздү Елизавета II 1991-жылы жасаган.
Андан соң падышалык делегация Нью-Йорк шаарына барып, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышат.
Бул сапар 2007-жылдан берки британ монархынын АКШга жасаган алгачкы визити болуп эсептелет. Байкоочулар белгилегендей, ал англо-америкалык мамилелер чыңалган мезгилде өтүп жатат.


